Август айынын башында социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн үстүндө күйүүчү май калкып калган сүрөт тараган. Ага көпчүлүк кыргызстандыктардын ачуусу келип, коомчулукта кызуу талкуу жаралган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кара майга тиешеси бар скутердин ээсин таап, 10 миң сом айыпка жыккан.

«Клооп» көлдөгү суу транспорттору жана алардын Ысык-Көлгө тийгизген терс таасири жөнүндө адистердин пикирин укту.

Көлдү каптаган кара май жана кырсыктар

Ысык-Көлдүн бетинде калкыган кара май. Сүрөт: koroche_kg

Көл бетин каптаган кара майдын сүрөтү Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги «Алтын Кум» пляжында тартылганы айтылган. Соцтүйүндүн көпчүлүк колдонуучулары бул окуяга скутер, моторлуу кайыктардын ээлерин айыпташкан.

Көлдүн келечеги жана экологиялык абалына тынчсыздангандар күйүүчү май менен жүрүүчү суу транспортторуна тыюу салуу керектигин белгилешкен. Алар «Кыргызстандын берметин булгагандарга 10 миң сом айып салганы» үчүн Экология министрлигине нааразы болгон.

Мындан тышкары моторлуу кайыктардын кесепетинен адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Чолпон-Атада эки адам теплоходго урунуп каза таап, дагы бири оор абалда ооруканага жаткырылган.

Андан көп өтпөй моторлуу кайыктын 16 жаштагы айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп баратып, теплоходго урунганы белгилүү болгон.

Өткөн жылы болсо аттракциондук парашютту тарткан моторлуу кайык Ысык-Көлдө эс алып жүргөн чет элдик аялды коюп кеткен. Кайыктын арткы калагы туристтин оң бутун кесип, жамбаш эти жанчылган.

Техниканын эскилигинен, мотордун ысып кетишинен көлдүн үстүндө бараткан катерде, теплоходдо өрт чыккан учурлар да жок эмес. Мындай окуялар жыл сайын ондоп катталып, көл жээгиндеги коопсуздукка коркунучун, эс алуучулардын нааразычылыгын жаратып келет.

«Кримчөйрөнүн тиешеси бар»

Көлдөгү моторлуу кайыктарды текшерүү. Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө болжол менен 750дөн ашык суу транспорту расмий түрдө каттоодон өткөн.

Министрликтен «Клоопко» алардын 100дөн ашыгы быйыл жайында эле катталганын билдирди — алардын 29у кайык, 26сы катер, 23ү моторлуу кайык, 18и сейилдөөчү катамаран, төртөө яхта жана дагы төртөө гидроцикл.

Бирок бул каттоодон өткөн гана суу транспортунун саны. Каттоого алынбай эле көлдө иштетилип жүргөндөрдүн саны алда канча көп болушу мүмкүн. Алардын каттоодон өтпөгөнү аныкталса чара көрүлөрү айтылат.

Министрликтин маалыматына ылайык, көлдө суу транспортун иштетүүнү каалагандар мекемеге катталып, 40 саттык окуудан өткөн соң тиешелүү билет алышы керек. Каттоодон өтүү жана ишкердик кылуу үчүн мамлекетке эч кандай салык төлөнбөйт.

Тогуз жылдан бери Ысык-Көлдө жашаган ишкер көлдөгү суу транспорттору «кандайдыр бир деңгээлде кримчөйрөнүн көзөмөлүндө» экенин айтат.

«Көлдөгү суу транспортторунун криминалдарга тиешеси бардай. Менимче аларды [иштеткендерди] бирөөлөр калкалайт. Аныгын билбейм, бирок жергиликтүүлөр да бул бизнестин кримчөйрө менен байланышы бар экенин айтып келишет», — дейт ал.

Ишкер «мүмкүн ошол үчүн техникаларды иштеткендер эч кимден коркпой, скутерлерди абдан кооптуу айдап, өз билгендерин кылышарын» кошумчалады.

Көлдөгү суу транспорттору кримчөйрөдөгү адамдардын көзөмөлүндө экенин туризм жаатындагы эксперт Кайрат Итибаев да белгилеп, ошол үчүн аларды «жоопко тартуу кыйын» деп билдирген.

«Көл жээгиндеги скутер, кайык жана башкаларынын көбү криминалдык чөйрөдөгүлөрдүн колунда. Бул да маселенин чечилишине тоскоол болуп жатса керек. Бирок Кумтөрдү алып иштетип аткан өкмөттүн муну деле жөнгө салып коюуга кудурети жетет. Мамлекет мыйзамдуу жол менен иш алып барса, жыйынтык болот», — деген Итибаев «Азаттыкка» берген маегинде.

«Сазга айлантып албаш үчүн тыюу салуу керек»

Ысык-Көлдөгү торлорду чыгаруу иши. Сүрөт интернеттен алынды.

Эколог Дмитрий Ветошкин «Клоопко» суу техникаларынан калган зыянды эч качан тазалоо мүмкүн эместигин, келечекте Ысык-Көлдү «сазга айлантып албаш үчүн алардан арылуу керектигин» билдирди.

«Ысык-Көл абдан уникалдуу көл. Анын өзгөчөлүгү, ага 80ден ашык дарыя куят, бирок бир да суу агып чыкпайт. Ал эми суу транспортторунан калган күйүүчү майдын кесепетинен чел кабык пайда болуп, ал суунун дем алуусуна тоскоолдук жаратат. Башкача айтканда, кычкылтек сууга кирбей, суу тумчуга баштайт», — дейт ал. 

Экологдун айтымында, көлдүн жападан жалгыз биофильтри чычырканактар. Бирок бул өсүмдүктүн саны азайып жаткан шартта эч бир нерсе чел кабыкты тазалоого жардам бербейт.

Ветошкин Ысык-Көл суу транспорту менен бизнес кыла турчу жер эмес экенин белгилеп, андай техникаларга тыюу салууну сунуштады.

«Кылымдардан бери уникалдуу, ыйык делип келген көлгө скутерге окшогон агрессивдүү жана катуу үн чыгарган техникалардын эч кереги жок. Болбосо "болду биз үчүн мааниси деле жок, акча алып келген катардагы көл" деп транспортторду дагы киргизип, коргобой эле коёлу», — деп тынчсызданды эколог.

Ал Ысык-Көлдү коргоодо бир гана экологиялык эмес экономикалык жагын да эске алуу керектигин билдирди.

«Көл өзүнүн тунуктугун жоготсо, анда эч кандай уникалдуулук, өзгөчөлүк деле калбайт. Кайсы бир убакта көл өзүнүн баалуулугун жоготот. Эгерде андай болсо, биз бүтүндөй туризм менен жан баккан аймактын экономикасын талкалап алабыз», — деп түшүндүрдү Ветошкин.

Эколог Ысык-Көлдөгү туризмди скутер, моторлуу кайыксыз да өнүктүрсө болорун белгилейт. Анын айтымында, Ысык-Көл үчүн каякинг, парус, катамаран сыяктуу тынч, коопсуз, экологияга зыянсыз транспортту колдонуу артыкчылыктуу.

Эколог Нурзат Тотубаева да «эгерде Ысык-Көлдөгү экологиялык көйгөйлөр ушундай темпте өсө бере турган болсо, 2050-жылы көл акырындап сазга айлана баштай турганын» айтат.

Ал Европа, АКШ, Кытайдагы сазга айланып калган көлдөр абдан көп каражатка тазаланарын белгилейт. Эколог «көлдү жасалма жол менен тазалоого ушундай чоң каражатты биз да сарптай алабызбы» деп суроо салды.

«Азырынча муну алдын алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жээктеги буфердик зоналарды пляждык зонага айландырууга жана аларды башка максаттарда пайдаланууга мүмкүн болушунча тыюу салуу керек. Инновациялык технологияларды киргизүү, бүтүндөй Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн креативдүү стратегияларын иштеп чыгуу зарыл», — дейт ал.

Экологдор Ысык-Көлдөгү «таштанды, канализация, тиричилик химиясын колдонуу, жээктеги аймакты жана табигый өсүмдүктөрдү жайына коюу маселесин да тез арада жөнгө салуу керектигин» айтышат.

Ысык-Көлдөн таштанды чыгарып жаткан учур.

Жогорку Кеңеш 2007-жылы Ысык-Көлдө моторлуу кайыктарды колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Мындай чечимге суу транспортунун көлдө мунай калдыктарын калтырып жатканы себеп болгону айтылган. Бирок мыйзамга президент кол койгонбу-жокпу белгисиз бойдон калган.

Ал эми 2019-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги сууну таза сактап калуу максатында Ысык-Көлдө моторлуу кайыктарды колдонууга тыюу салууну көздөгөн. Бирок демилге ишке ашкан эмес.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бир нече ирет Ысык-Көлдү булгабай, таза кармоого чакырган. ӨКМдин суучулдары үстүбуздөгү жылдын мартынан баштап көлдүн түбүн тазалай баштаган — беш айда көлдөн 13,5 тонна таштанды, 98 миң метр балык уулоочу тор чыгарылган.