Соцтармактарда интернет колдонуучулардын кызуу талкуусун жараткан сүрөт тарады. Анда Ысык-Көлдүн үстүндө май калкып турганын көрүүгө болот.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/08/maj-kalkygan-Ysyk-K-l-240x300.jpg)
Сүрөт Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги «Алтын Кум» пляжындагы аттракциондон тартылганы айтылууда.
Мындан улам көпчүлүк кыргызстандыктар Ысык-Көлдүн келечектеги экологиялык абалына тынчсызданышып, моторлуу кайык жана скутерлерге тыюу салуу керектигин белгилешүүдө.
Буга чейин, 14-июлда өлкө башчысы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдү булгабай таза кармоого чакырып, бир нече ирет кайталаган.
Үстүбүздөгү жылдын март айында ӨКМ президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдүн түбүн март айында тазалап баштаган.
Ал эми 18-июлда министрлик билдирүү таратып, төрт ай ичинде көлдөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылганын айтышкан.