Ысык-Көлдүн бетинде калкыган кара май: Скутердин ээси 10 миң сом айыпка жыгылды

Ысык-Көлдүн үстүндө май калкып турганы тартылган сүрөткө байланыштуу скутердин ээси табылып, 10 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу 7-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Максат Кыштобаев билдирди.

«Башкармалыктын мониторинг бөлүмүнүн өкүлдөрү лабораториянын адистери менен жерине барып, химиялык анализ дайындоо үчүн суудан, кумдан үлгүлөрдү алышты. Анын жыйынтыгы менен шектүүгө доо коюлат. Адистер скутердин ээлери менен сүйлөшүп окуянын чоо-жайын такташууда», — деп белгиледи ал.

Кыштобаев учурда башкармалыктын адистери мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларын көрүп жатышканын кошумчалады.

Буга чейин соцтүйүндө Ысык-Көлдүн үстүндө май калкып турганы тартылган сүрөт тараган. Анда сүрөт көлдүн түндүк жээгиндеги «Алтын Кум» эс алуу жайында тартылганы айтылган.

Бул окуя коомдо кызуу талкуу жаратты — көпчүлүк кыргызстандыктар көлдүн экологиялык абалына тынчсызданып, моторлуу кайык жана скутерлерге тыюу салуу керектигин белгилешүүдө.

Буга чейин, 14-июлда өлкө башчысы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдү булгабай таза кармоого чакырып, бир нече ирет кайталаган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында ӨКМ президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдүн түбүн март айында тазалап баштаган. 18-июлда министрликтен төрт ай ичинде көлдөн 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылганын айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдү булгабай таза кармоого чакырды