Бир нече интернет провайдер «Клооптун» сайтын бөгөттөдү 

Бир катар интернет провайдер «фейктер» жөнүндөгү мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн «Клооптун» сайтын бөгөттөдү. Алардын катарында «О!» уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар.   

Эгер сизде «Клооптун» сайты ачылбай жаткан болсо, бизди окуп жана көрүп туруунун көптөгөн ыкмасы бар (баса, аларга сөзсүз катталып алыңыз):

Кыргыз тилинде:

Орус тилинде:

Ошондой эле сиз бөгөттөлгөн сайтттарга кирүү жана интернетти коопсуз колдонуу үчүн VPN колдонсоңуз болот. VPN’ди колдонуунун ыңгайлуу жолдорунун бири  — бул Firefox’тун базасындагы Mullvad Browser. Аны кадимки браузердин ордуна колдоно аласыз — ал бөгөттөгү сайттардын баарын ачып берет.    

Дагы окуңуз: «Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт