«Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт  

«Клооптун» Маданият министрлигинин сайттагы материалдардын бирин өчүрүү талабына каршы доосу четке кагылды. Мекемеден макаланы өчүрбөсөңөр «Клооптун» сайты толугу менен бөгөттөлөт деген эскертүү берген болчу. Биз буга таңгалган жокпуз — Кыргызстандын бийлиги жарандарын маалымат алуудан болушунча оолак кармоону максат кылгандай.  

Бийлик бизге компромисске келүүнү — оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндө жаңылыкты өчүрүүнү сунуштады. 

Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт. 

Бөгөттөөгө мурда эле даяр болчубуз: «Клооптун» башкы барагында бөгөттөлбөй турган күзгүнүн баннери жыл башынан бери илинип турганы да бекеринен эмес. Биздин сайтка кире албай калсаңыз, дал ошол күзгүнү колдонуп окусаңыз болот. 

Биз Кыргызстандын бийлигинин чечимдерин мүмкүн болгон бардык деңгээлде даттанабыз. Ошондой эле, интернет-провайдерлерди бийликтин көрсөтмөсүнө баш ийбөөгө чакырабыз. Сайтты бөгөттөө тууралуу көрсөтмө жакын арада колуңарга барып калса керек. 

Сиздер, цензурага кол кабыш кылып, бедел-баркыңарга доо кетирүүнү каалайсыңарбы? Тарыхта кандай аброй менен калгыңар келет? 

Кыргызстандын бийлиги ушул сыяктуу аракеттери менен өзүнүн шектүү  иштерине көпчүлүктүн көңүлүн ансайын буруп жатат. Мисалы, августтун аягында Бишкек прокуратурасы «Клоопту» жабуу жөнүндө сотко арыз бергенден кийин, биздин «Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким деген иликтөөбүз эл арасына мурдагыдан да кеңири тарап кеткен. 

Бийлик дагы эмнени жашыргысы келет? Жапаров дагы эмнени жашыргысы келет? Же болбосо Ташиев эмнени жашыргысы келет?

Балким аларды жандап жүргөндөр Кыргызстандагы мыйзамсыз ишмердигинин аркасынан миллиондогон доллар тапкан көмүскө карго империясынын падышасы Хабибула Абдукадыр менен байланышта экенин болуп жүрбөсүн?

Же, балким, 2020-жылдагы революциядан кийин Жапаровдун көп сандаган убадаларына карабастан, бажы төрагасынын мурдагы орун басары, коррупционер атыккан Райымбек Матраимов таптакыр таасирин жоготпону болуп жүрбөсүн?

Же болбосо, өлкө бийлиги Кыргызстанга убада кылган инвесторлордун ордуна, күмөндүү майнерлерди тартып, энергетикалык кризис курчуган  маалда электр энергиясын арзан сатып жатканынбы

Кыргызстандын бийлиги элден канчалык жашырганга аракет кылбасын, бул мүмкүн эмес. Биз ымалага келүү боюнча бир дагы сунушка, айрыкча жабуу жана бөгөттөө боюнча эч бир коркутуп-үркүтүүгө багынбайбыз. Кыргызстандын элин маалымат менен камсыздоонун көп жолун табабыз. Бизди бардык каналдарыбыздан окуп жана көрө аласыз (баса, сөзсүз катталып коюңуз):

Кыргыз тилинде:

Орус тилинде:

Ошондой эле сиз патреондо бизге донор дагы боло аласыз — ошентип сиз тилектештигиңизди гана көрсөтпөстөн, биздин инфраструктуралык коопсуздугубузду бекемдөөгө жардам берген болосуз.

А биз өз кезегинде, бийликтин басымына карабай, ишибизди бир мүнөткө дагы токтотпойбуз. Мындан ары деле, бийликке канчалык ыйгайсыз болбосун, өлкөдө болуп жаткан окуялардын орчундуусун айтып берип турабыз.   

Биздин оозубузду эч ким жаба албайт!