Ташиев Новопокровка айылында чек ара кызматкерлерине батирлерди тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылында Чек ара кызматынын №2026 жана №2031 бөлүктөрүнүн кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу 12-сентябрда УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Чүй облустук администрациясынын, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жана ардагерлер катышты.

Атайын кызматтан 36 батирден турган үй аскердик шаарчанын аймагында курулганын белгилешти. Турак жайдын курулушу мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлгөн. 

Жаңы турак жай комплекси көмүр сактоочу кампасы бар откана, балдар аянтчасы жана унаа токтотуучу жай менен камсыздалган. Жеке долбоор боюнча курулган үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.

«Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси ар дайым Кыргызстандын Президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат», — деди Ташиев.

Чек ара кызматы УКМКнын алдында иштейт. Бийлик күч кызматкерлерине үйлөрдү жана түзүмдөрү үчүн имараттарды куруп келет.

Былтыр сентябрь айынын башында Ташиев өлкө боюнча УКМК үчүн 50гө жакын жаңы имарат курулганын билдирген. Бирок андан бери бийлик УКМК жана Чек ара кызматына деп дагы бир катар объектилерди ачкан.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Ташиев УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев Жалал-Абадда чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Ташиев Бишкекте УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды