Депутат Надира Нарматова өнөктөштүк төрөттү сынга алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Надира Нарматованын суроосуна жооп берип жатып мамлекеттик төрөт үйлөрүндө пандемиядан бери өнөктөш төрөт жүргүзүлбөй жатканын билдирди.

Нарматованын пикиринде, аял көз жарган учурда эркектерди төрөт залына киргизүүгө болбойт — мусулманчылыкта дагы, христиандарда дагы тыюу салынган. Депутат өнөктөш төрөттү «блогерлер» жайылтып, ошонун айынан дагы келиндерде «ар кандай кыйынчылыктар» болуп жатат деп эсептейт.

Кийинчерээк 24.kg басылмасы Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып, Кыргызстанда өнөктөш төрөт коронавирус пандемиясынан кийин эле токтотулганын жазды.

«Бизде же коронавирус, же грипп, же кызамык. Процесс кайсыл убакытка чейин убактылуу токтулганы так айтылган эмес. Ошол эле учурда жеке менчик төрөт үйлөрүндө өнөктөш төрөт жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришкен министрликтен.