«Кыш күтүүсүз келип калды деген сөздү укпайын». Акылбек Жапаров чиновниктерге эскертүү берди   

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чиновниктерге эгер былтыр кышта Майлуу-Суу шаарында болгондой жылытуу системаларында авария боло турган болсо иштен алынасыңар деп эскертүү берди. Бул тууралуу ал 15-сентябрда минкабдын мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдирди. 


«“Кыш күтүүсүз келип калды" деген сөзүңөрдү укпайын. Кышка даярдык 100 пайыз болушу керек. Былтыр Майлы-Суу шаарында болгон окуя сыяктуу жагдайлар дагы кайталанса дароо жумуштан бошоп, кабинетиңерге барганга үлгүрбөй каласыңар», — деп эскертүү берди Жапаров чиновниктерге.


Мындан тышкары, ал калк арасында элекр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырып, ар бир кыргызстандык кышка даяр болушу керектигин айтты.

Ошондой эле Жапаров авариялык учурларда энергетикалык комплекстерди калыбына келтирүү боюнча окууларды өткөрүп туруу зарылчылыгын белгиледи.

2023-жылдын январында Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп ӨК режими киргизилген. Анын кесепетинен улам шаарда жылуулук менен таза суу берүү токтоп калган.