«Манас» аэропорту алгачкы жолу өз эсебинен эки учак сатып алды

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу канадалык эки Dash-8-400 учагын өз эсебинен сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу 14-сентябрда аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге расмий кол коюу аземи, Брюссель, 10-сентябрь. Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропорту

Маалыматка ылайык, De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы учактарды Кыргызстанга 2024-жылы май айында жөнөтөт. Бул мезгил аралыгында Кыргызстандын мыйзамдарына жана жарандык авиациясынын талаптарына ылайык, учактарды модификациялоо иштери жүргүзүлөт.

«Учактарды алуу менен “МЭА” ААК социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Келишимге расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде өттү.

«Манас» эл аралык аэропорту учактардын баасы тууралуу маалымат берген жок, бирок ачык булактарда бир Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактын баасы 33,5 млн долларга жакын экенин көрүүгө болот

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт: Жапаров Талас жана Аксыдагы аэропорттун курулушу менен таанышты

Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулат