Сүрөт: Жапаров Талас жана Аксыдагы аэропорттун курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы жана Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы аэропорттун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу 17-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымата ылайык, эртең менен Жапаров Таласка иш сапары менен барды. Ал облустук аэропорттогу аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы курулуп жаткан имаратын көрдү.

«Талас» аэропорту 78 гектадан ашык аянтты ээлейт. Долбоорго ылайык, жаңы вокзал саатына 100 жүргүнчүнү тейлейт. Келген-кеткендердин коопсуздугун сактоо үчүн заманбап көзөмөл системасы орнотулат.

Азыркы тапта аэропорттогу учуу-конуу тилкесин түздөө иши аяктап, асфальт-бетон төшөлө баштаганы кабарланды. Курулуш иштери ушул жылдын акырына чейин жүргүзүлөт.

Андан соң Жапаров Аксыга барды. Ал «Кербен» аэропортундагы оңдоо-калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Аэропорттун учуу-конуу тилкеси кеңейтилип жатканы айтылды. Аэровокзал июль айынын аягына чейин ишке берилет деп пландалууда.

«Кербен» аэропорту 1978-жылы пайдаланууга берилген. Бишкек — Кербен багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамы коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Акыркы каттам 2007-жылы жасалган. Бирок аэропорт 2019-жылы эле 10 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Азыркы тапта Караколдогу жаңы аэропорт комплексинин курулушу жана шаардык аэродромду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Президент жаңы аэропорт «июнда ишке берилет» деп билдирген

Курулуштун жүрүшүндө эки жумушчунк темир конструкция басып калып каза болгон. Маркумдардын жакындары кырсыкка курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын «шалаакылыгы» себеп болгон деп эсептейт. Алар президенттен окуяны калыс тергеп берүүнү өтүнүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Каракол» аэропортундагы курулушта эки адам каза болуп, бири жандандыруу бөлүмүндө