Ош: Санитардык ченемдерди сактабаган 14 кызмат көрсөтүүчү ишкана жабылды

Ош шаарында жарандардын арыздарынан кийин ишканаларда текшерүү жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактабаган 14 мекеме жабылды. Бул тууралуу 18-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө беш сулуулук жана косметологиялык салон, беш медициналык дарылоо бөлмөсү жана төрт тиш дарылоочу борбор жабылды. Мыйзам бузган мекемелерге жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Мэриядан аталган текшерүү рейддери быйыл сентябрь айынын аягына чейин уланарын кошумчалашты.

14-июлда Ош шаарында жеке менчик медициналык борборлорго жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин 19у жабылган, ал эми 8инин иштери укук коргоо органдарына өткөрүлгөн

Мындай иш-чаралар ВИЧ, гепатит сыяктуу кан аркылуу жугуучу инфекцияларды алдын алууга багытталганы баса белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто текшерүүдөн кийин 19 жеке менчик медициналык борбор жабылды