«Абдыш-Ата-2» футбол клубунун 19 жаштагы оюнчусу Абылкасымов жол кырсыгынан көз жумду

«Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футбол клубдарынын 19 жаштагы экс-чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

«Жаркын элесиң эсибизден кетпейт! Бүтүндөй футбол үй-бүлөсү аза күтүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Футболчу 2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасы менен беттештин 41-мүнөтүндө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизүү менен оюндун жыйынтыгын 0:2 эсебинде өзгөрткөн.

Абылкасымов «Илбирс» футбол клубунун курамында 2021-жылы 16-мартта Премьер-Лигада дебют жасаган. Оюнчу жалпысынан өткөргөн 12 оюнда 2 гол киргизип, 1 пас берген. 

2023-жылдан тарта «Абдыш-Ата-2» үчүн ат салышкан.