Ош: Дүйнөлүк банктын эсебинен борбордук аянтка 8,5 млн сомго фонтан курулуп жатат

Ош шаарынын борбордук аянтына Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 8,5 млн сомго фонтан курулуп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» 19-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Ош шаардык мэриясы жана АРИС уюму менен бирге шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылган «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун алкагындагы беш долбоордун үчүнчүсү болуп саналат.

Долбоордо шаар тургундарынын эс алуусуна багытталган фонтандын айланасына отургучтарды орнотуу, жарыктандыруу жана  көрктөндүрүү иштери каралган. 

Фонтандын курулушу үстүбүздөгү жылы 1-сентябрда башталган, аны 2024-жылы май айында тапшыруу пландалып жатат. Тендерди «Алихан Строй» жана «Ригель» ЖЧКлары жеңген. 

Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор баштап, агы жалпы 6 млн доллар бөлүп берген.

Аталган каражатка төмөндөгү долбоорлордун курулуштары каралган:

  • Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөөнүн экинчи этабы;
  • Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;
  • Алишер Навои паркынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу жайын куруу;
  • Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
  • Борбордук аянттагы фонтандын курулушу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүгө Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алат