Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүгө Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алат

Ак-Буура дарыясынын жээгинин оңдоп-түзөө иштери. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаардык мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорунун экинчи этабы үчүн Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алат. Бул тууралуу «Клоопко» вице-мэр Марс Исаев билдирди.

Анын айтымында, экинчи этапта Ак-Бууранын Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап Навои көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсүнө чейинки жээги оңдолот. Анын жалпы узундугу 2,8 километрди түзөт.

Исаев долбоордун алгачкы сметалык баасы 470 млн сомду түзгөнүн, бирок Дүйнөлүк банк анын жарымын каржылоого макул болгондуктан сметага оңдоп-түзөөлөр киргизилип жатканын айтты.

Ошондой эле вице-мэр долбоордун финансылык иштерин бул жолу АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) өзү көзөмөлдөп, өзү тендер өткөрөөрүн кошумчалады. Аны ишке ашыруу 2022-жылдын күз айларында башталаары пландалууда.

2021-жылдын сентябрында УКМК Ош мэриясынын кызмат адамдарына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери боюнча жарыяланган тендерге байланыштуу козголгон. Атайын кызматтан шектүүлөр тууралуу кошумча маалыматты «тергөөнүн кызыкчылыгына» байланыштуу берүүдөн баш тартышкан.

Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору

Экс-мэр Таалайбек Сарыбашов долбоордун курулушуна капсула салып жаткан кез. Сүрөт: Ош мэриясы

Учурдагы «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп турганда Ак-Буура дарыясынын жээги оңдоо добоорун сунуштаган. Ал эми 2020-жылдын башында пандемияга карабастан мэрия дарыянын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 млн 200 миң сом каражат бөлгөн.

Долбоорго ылайык, Нурматов көчөсүнөн Курманжан-Датка кичи районуна (мурдагы Юго-Восток) чейин 5,4 чакырым дарыянын жээгин көрктөндүрүү пландалган. Ал үч этап менен оңдолмой болуп, биринчисинде — дарыянын 2,4 километр жээгин, экинчисинде — 2,8 километр жээгин оңдоп-түзөө каралган.

Биринчи этаптагы курулуш иштерин «Капитал курулуш» ЖЧКсы аткарган. Анда дарыянын эки жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштар алынып, 2 километр жерге таш тизилип, 600 метр бетон куюлган. Ошондой эле 20000 м³ таш даярдалган. Учурда кылмыш иши козголгонуна байланыштуу курулуш иштери токтоп турат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 252 млн сом бөлүнмөкчү болгон — анын 60 млну 2020-жылы коронавирус пандемиясына карабастан бөлүнгөн. Анда калаадагы чектөөлөрдөн улам тогуз айда Ош шаарынын бюджетине 102 млн сом түшпөй калган.

Таалайбек Сарыбашов кызматынан алынгандан кийин жаңы шайланып келген мэр Алмаз Мамбетов Ак-Буураны көрктөндүрүү иштери уланаарын билдирген. Коомчулукта аталган долбоорду Сарыбашов «өз атын калтыруу үчүн сунуштаган» деп айтып келишет.

«Кактус» басылмасынын журналисттери долбоордун биринчи этабындагы ири тендерди утуп алган «Капитал Курулуш» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири депутат Айбек Осмонов менен байланышы бар болгонун таап чыгышкан.

Ошондой эле журналисттер аталган компания буга чейин ири суммадагы мамлекеттик тендерлерди утуп келген башка фирмалар менен байланышы бар экенин, ошол эле учурда компаниянын кеңсеси жок экенин аныкташкан.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

Оштогу Ак-Буура дайрасын оңдоп-түзөө тендерин ким уткан? — Kaktus.mediaнын иликтөөсү

УКМК: Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгиндеги жер тилкелерин оюн-зоок жайларды куруу үчүн ижарага берет

Ош шаары: Ак-Бууранын жээгин оңдоо боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштады