Түркиядагы тик учак кырсыгы: Изделип жаткан экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды

Түркияда өрт өчүрүү учурунда тик учак кырсыгына кабылып, дайынсыз болуп жаткан экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу 18-сентябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта каза болгон учкучтардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Измир шаарына жакын Мендерес аймагындагы токойдо чыккан өрттү өчүрүү учурунда дамбага кулап түшкөн тик учакта төрт киши болгон. Алардын үчөө кыргыз жараны — экөө учкуч, бирөө биомеханик.

Учкучтардын бири, кыргызстандык Эркин Исабеков жээкке сүзүп чыккан. Азыр ал ооруканада, абалы туруктуу.

Кыргызстандыктар менен бирге тик учакта болгон түрк жаранынын да сөөгү табылды. Ушуну менен издөө иштери жыйынтыкталды. Тик учактын эмнеден улам кырсыкка кабылганы иликтенип жатат.

Мендерес аймагындагы токой 16-сентябрда өрттөнө баштаган. Ал эми кырсык эртеси күнү катталган. Түркиядагы элчи кыргызстандык үч учкуч «Транс Караван» компаниясы менен эки айга келишим түзүп, иштегени барганын билдирген.

Токойдогу өрт эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 9 учак, 20 тик учак, суу ташыган 54 унаа, жумушчу 10 унаа жана 500гө жакын өрт өчүрүүчү тартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бирөө ооруканада, экөө изделүүдө». Түркияда кулаган тик учакта үч кыргыз жараны болгону кабарланды