Өкмөт казак унуна баанын өскөнү сезонго байланыштуу экенин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 19-сентябрда азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Минкабдын маалыматына ылайык, Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, казак унунун баасынын көтөрүлүшүн, ошондой эле кымбатташы мүмкүн болуп турган күйүүчү майдын маселесин талкуулаган.

Төрөбаев жыйында Кыргызстанда буудайдын тартыштыгы жоктугун, Казакстандан келген ундун баасы гана кымбаттай түшкөнүн билдирди.
Өкмөт казак унунун кымбаттаганына Казакстандан Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдор сезондук тыгынга учурап жатканы негизги себеп экенин белгилешти.

«Эгерде ажиотаж чындап эле буудайдын тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканалары үчүн керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз», — деди Төрөбаев.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Төрөбаев сезондук айыл чарба жарманкелерин өткөрүү, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майдын индикативдик балансынын өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ал ошондой эле Ун чыгаруучу ассоциациясына жана Нефтетрейдерлер ассоциациясына Кыргызстандын аймагын азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн буудайга жана күйүүчү майга арыздарды тез арада берүүнү тапшырды.

20-сентябрда Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында будай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салууну сунуштаган. Буудайды ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө чыгарууга чектөө коюу сунушталууда.

Ундун баасынын кымбаттап жатканына байланыштуу маселе 19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде да көтөрүлгөн. Анда депутат Жусупбек Коргонбай уулу нандын баасы кымбаттаганын билдирген.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысынын орун басары Айбек Мамыралиев казак унунун баасы аталган продукция коңшу өлкөдөн көп ташылбай калгандыктан кымбаттап кеткенин айтып түшүндүргөн. Ал буга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген.
Кыргызстан ун жана буудайдын импортунан көз каранды, өлкө аларды негизинен Казакстан же Орусиядан сатып алат.