Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

21-сентябрда спортчу Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде 1/16 финалдан тарта күч сынашты. Махмудов Норвегиянын, Египеттин жана Өзбекстандын балбандарына каршы үч жолу ишенимдүү жеңишке жетишти.

Жарым финалда япониялык Нао Кусаканы 7:5 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандык спортчу 22-сентябрдагы финалда Санан Сулейманов/Малхаз Амоян экөөнүн беттешүүсүндөгү жеңүүчү менен күч сынашат.

 

Финалга өтүү Махмудовго 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алып келди. Бул Кыргызстан курамасы үчүн Олимпиадага төртүнчү лицензия болуп калды.

Акжол Махмудов 24 жашта. Балбан Кыргызстандын алгачкы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Ошондой эле Азиянын үч жолку чемпиону.

Бул турнирде улуттук курама командасы эки медаль утуп алды. Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмак ченинде коло байгеге ээ болгон. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күмүш медаль жеңген.

Бул Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Дүйнөлүк чемпионатта Олимпиадага жолдомону ар бир олимпиадалык салмак категориясындагы бештен балбан алат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди