Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

20-сентябрда кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Финалда Медет кызы япониялык Юка Кагами менен беттешип, 0:8 эсебинде утулуп калды. Беттеш учурунда спортчу бутунан жаракат алып, күрөштү уланта алган жок.

 

Буга чейин Айпери Медет кызы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Бул Дүйнө чемпионатындагы улуттук кураманын куржунундагы алгачкы күмүш медаль. Буга чейин Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль тагынган.

Бул Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Дүйнөлүк чемпионатта Олимпиадага жолдомону ар бир олимпиадалык салмак категориясындагы бештен балбан алат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди