Чүй: Мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялдын абалы оор

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекция айылында мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялдын абалы орточо оор. Бул тууралуу 21-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу 21-сентябрь эртең менен Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика борборунан Улуттук госпиталга жаткырылган. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда.

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБ

Kaktus.media басылмасы күч стуруктуралына таянып, жабырлануучу аял буга чейин мурдагы күйөөсүнө карата үч жолу милицияга арызданганын билдирди.

Билдирүүдө аял 2022-жылдын август айынын аягында 38 жаштагы мурдагы күйөөсү тарабынан зордукталганын айткан. Шектүү окуя Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанында болгонун маалымдаган.

Анда «Зордуктоо» беренесинин негизинде иш козголуп, кармалган шектүү тергөө абагына киргизилген. Кылмыш иши сотко өткөндөн кийин жабырлануучу тарап тосмо арыз жазган.

Бир нече айдан соң жабырлануучу кайрадан мурдагы күйөөсүн «зордуктоо жана тоноого аракет кылууга» айыптап милицияга кайрылган. Ал учурда да сотто аял тосмо арыз жазганы айтылды.

Ал эми үстүбүздөгү жылы 31-январда аял Селекция айылындагы батиринде «зордуктоого» кабылып, шектүү кайрадан тергөө абагына киргизилген. Кийинчерээк Сокулук райондук соту шектүүгө карата пробация колдонуу боюнча өкүм чыгарган. Бирок айыпталуучу өкүмгө даттанып, Чүй облустук сотуна кайрылган.

Пробация департаменти 21-сентябрда аталган шектүү алардын кардары эместигин жана ага карата пробация көзөмөлү колдонулбаганын маалымдады.

20-сентябрда Сокулук районуна караштуу Селекция айылында жашаган аялдын ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелип анын 38 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалган. Аталган факт боюнча «Денеге оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, шектүү аялын таң атканча кыйнаганын жазышкан.

Кыргызстандагы фемицид

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүйдүн Селекция айылында аялды бычактоого шектелген киши кармалды