Чүйдүн Селекция айылында аялды бычактоого шектелген киши кармалды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекция айылында жашаган аялдын ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелип 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 20-сентябрь күнү Сокулук райондук милиция бөлүмүнө 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жаткырылган тууралуу маалымат түшкөн.

«Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда», — деп билдиришти ИИБден.

Самара Босумбаева аттуу Фейсбук колдонуучусу кармалган киши жабыркаган аялдын ажырашып кеткен күйөөсү экенин жазды. Анын айтымында, шектүү аялдын бети-башын жана мойнун кескилеп салган.

Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, шектүү аялын таң атканча кыйнаганын жазышууда.

Босумбаеванын айтымында, учурда аял ооруканада оор акыбалда жатат.   

Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, жабыркаган аял буга чейин үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып, ички иштер органдарына кайрылган. Шектүү мурда соттолуп чыкканы, учурда пробацияда экени айтылууда.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.

Дагы окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз

Иллюстрация: Алина Печенкина.