«Кыргызтасмасы»: Чет элдик тасмалар 2024-жылдан тартып кыргызча субтитр менен көрсөтүлө баштайт  

«Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору 2024-жылдын жазынан тартып республикадагы баардык кинотеатрлар чет элдик тасмаларды кыргызча субтитр менен көрсөтө баштай турганын билдирди

Киноборбордон бул боюнча чет элдик тасмалардын ири дистрибьюторлору менен макулдашышканын айтышты.

«Кыргызтасманын» башчысы Талантбек Төлөбековдун айтымында, «чет элдик тасмаларды кыргыз тилине дубляждоо маселеси боюнча алгачкы кадам ташталды».  

«Баштапкы этапта эң оптималдуу вариант бул — субтитр менен коштоо, себеби дубляж жана синхрондуу котормо чоң бюджетти талап кылат», — деп белгиледи Төлөбеков. 

Өлкөдө 17-июлда кыргыз тилинин ролун күчөткөн мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирген.

Анда Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын субъекттери тарабынан тартылган фильмдер мамлекеттик тилде жайылтылары жана көрсөтүлөрү, ошондой эле мамлекеттик тилде кайталоо же үн коштоо шарты менен башка тилдерде көрсөтүлүшү мүмкүндүгү айтылат.