Селекцияда бычакталган аялдын иши: ИИМдин башчысы ишти жеке көзөмөлүнө алды

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Бишкектин Селекция айылында бачыкталган 36 жаштагы аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ведоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен бул «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берет» деп белгилешти.

«Мындан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу ички иликтөө кызматы тарабынан кошумча текшерилүүдө», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

ИИМ «милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алууга чоң көңүл буруп», үй шартында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык деңгээлде активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Милиция үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр», — деп кошумчалаы министрлик.

Өз кезегинде жабырлануучунун апасы президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурады.

Селекция айылында аялдын бычакталышы

20-сентябрда мурдагы аялын бычактоого шектелип 39 жаштагы киши кармалганы белгилүү болгон. ЖМКнын маалыматына ылайык, шектүү аялдын кулагын жана мурдун кесип, бетин тилип салган. Бул факты боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Жабырлануучу ошол эле күнү бети жана моюну кесилген абалда Улуттук госпиталга жаткырылган. Врачтар жабырлануучуну өмүрүн сактап калуу үчүн сегиз ага саатка чукул операция жасашкан. Учурда аялдын абалы орто оор деп айтылууда.

Чуу жараткан бул окуяга айрым парламент депутаттары дагы көңүл буруп, милициянын ишин сынга алышкан.

Алсак, депутат Нилуфар Алимжанова окуяга чейин тиешелүү чара көрбөгөн милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону талап кылган.
Себеби жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева бул окуя үй-бүлөлүк зомбулукка карата кайдыгер мамиленин кесепети экенин билдирген. Ал ИИМге кайрылып, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча арыздардын баарына чара көрүүнү талап кылган. Чара көрүлбөсө, депутаттын айтымында, аялдардын баары майып болуп же кырылып калат.