Селекциядагы митинг: Сот блогер Эртай Искаковду жана эки тургунду үй камагына чыгарды

Чүй облусунун Сокулук райондук соту блогер Эртай Искаковду жана Селекция айылынын эки тургуну Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Сүрөт Шердор Абдыкапаровдун Фейсбук барагынан алынды.

Сот блогер Эртай Искаковду быйыл июль айында эки айга камакка алган. Бул Селекция айылынын жергиликтүү тургундары суу жоктугунан улам митингге чыгып, жол тосушкандан кийин болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, ал күнү 100дөй тургун түштүк магистралын тосуп, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук кылышкан. Тургундар жолду сүйлөшүлөрдөн кийин гана 15-июлда түнкү 02:00дө ачып, таркап кетишкен.

Аталган окуяда Искаков менен бирге жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бакыт Бекболотов да кармалып, камакка алынган. Искаков өзү ал жакка жергиликтүү тургундардын суу маселесине байланыштуу маселесин чагылдырганы барганын айткан.

Милициянын версиясы боюнча, Искаков жергиликтүү тургундарды «радикалдык чараларга» чакырып, нааразычылыктын «козутуучусу» болгон. Окуядан кийин Искаковго жана аталган эки тургунга «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» жана «Бейбаштык» беренелери менен кылмыш иштери козголгон.