Сот таза суунун жоктугунан улам акцияга чыккан үч кишини эки айга камакка алды

Таза суунун жоктугунан улам нааразылык акциясына чыгып, «мыйзамсыз жол тосуу» жана «бейбаштыкка» шектелип кармалган үч киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 18-июлда «Клоопко» Сокулук райондук сотунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, блогер Эртай Искаков жана эки айыпталуучунун баш коргоо чарасы 17-июлда каралды. Алар 15-сентябрга чейин Бишкектеги ТИЗО-1 де камакта болот. 

Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суунун жоктугунан улам Түштүк магистралда 14-июлда акция уюштурушкан. Анда жашоочулардын жол тоскону да кабарланган. 

Эртеси күнү укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акцияга катышкандардын айрымдарын милиция кармап кеткенин айтып, нааразы болгон.

Сокулук РИИБнен бул боюнча «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» жана «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, блогер Эртай Искаков жана эки тургун кармалганын тастыкташкан. Милициядан «жолду жабуу атайын уюштурулган» деп белгилешкен.

Антын тышкары акцияга чыккан Селекция айылынын тургундары милицияга суракка чакырылып жатканы кабарланган.

Кийин Селекция айылына жана Сары-Өзөн, Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки жарым айдан бери суу жок». Сокулуктун тургундары нааразылык акциясына чыгышты