«Тормозни-сникерсни!». Ташиев ундун кымбаттаганы тууралуу маселе көтөргөн депутаттарга кайрылды

Камчыбек Ташиев, Марлен Маматалиев жана Тазабек Икрамов

21-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев казак унунун баасынын көтөрүлүшү тууралуу маселе көтөргөн парламенттин депутаттарына кайрылып, аларды «хайп кармабоого» чакырды

Ташиев Казакстандагы ундун баасынын көтөрүлүшү Кыргызстанга таасирин тийгизбей турганын белгилеп, а түгүл биринчи сорттогу ундун баалары «жакын арада төмөндөй турганын» билдирди.

«Ундун баасы көтөрүлүп кетти деп “хайп” кармаган депутаттарга айтарым — баа көтөрүлбөйт, мамлекет кошумча чараларды көргөн. Туура, казактардын унунун баасы өстү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. [...] Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Андыктан, Жогорку Кеңештин депутаттары [Марлен] Маматалиев, [Тазабек] Икрамов, тормозни-сникерсни!», — деди Ташиев.

Ошондой эле төрага өлкөдө «өсүмдүк майына жана кумшекердин баалары көтөрүлбөй турганын белгиледи.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев жана Тазабек Икрамов ундун кымбаттаганына байланыштуу өкмөттүн жетиштүү түрдө чара көрбөй жатканын сынга алышкан.

«Алмасбек Акунжанович, мен алып берейин же сиз аласызбы. Бир пачка “Сникерс” алып, азык-түлүккө жооптуу министрлерге берип туруп “не тормози, сникерсни” деп коюңузчу. Ундун баасы көтөрүлгөндөн бери өкмөт эмне кылды? Айыл чарба министрлиги “унду экспорттоого тыюу салабыз” деди, аткарган жок», — деп Маматалиев Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.

Ундун баасынын кескин өсүшү 

Өткөн аптадан тарта Кыргызстанда ундун баасы кескин өскөнү байкалган. 20-сентябрда Айыл чарба министрлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салууну сунуштаган.

Ундун баасынын кымбаттап жатканына байланыштуу маселе 19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде да көтөрүлгөн. Анда депутат Жусупбек Коргонбай уулу нандын баасы кымбаттаганын билдирген.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысынын орун басары Айбек Мамыралиев казак унуна болгон баа кымбаттаганын «аталган продукция коңшу өлкөдөн көп ташылбай калганына байланыштуу» деп түшүндүргөн. Ал буга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Кыргызстан ун жана буудайдын импортунан көз каранды, өлкө аларды негизинен Казакстан же Орусиядан сатып алат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өкмөт казак унуна баанын өскөнү сезонго байланыштуу экенин билдирди