Селекцияда бычакталган аялдын иши: Шектүү эки айга камалды

Чүй облусунун Сокулук райондук соту Селекция айылында мурдагы аялын «мыкаачылык менен бычактады» делген кишини эки айга камакка алды. Бул тууралуу 22-сентябрда райондук соттон билдиришти.

Кылмышка шектүү

36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Ал бети-башы, мойну кескиленген абалда Улуттук госпиталга жаткырылып, дарыгерлер аны аман алып калуу үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан.

Бул окуяга шектүү катары 39 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен иш козгогон.

Kaktus.media басылмасы күч стуруктуралына таянып, жабырлануучу буга чейин мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн эки жолу милицияга арызданганын жазган. Маалыматты Чүй ОИИБи да тастыктаган.

Жабырлануучунун сиңдиси эжеси мурдагы күйөөсүнө карта тосмо арыз жазбаганын билдирген. Анын айтымында, эжеси зөөкүрдү кечирген эмес жан аны жоопкерчиликке тарттыруу үчүн милициядан кетпей калган.

Бул маселе 21-сентябрда парламентте да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго кайрылып, «креслодон түшүп, бул маселени үй-бүлөлүк зомбулук боюнча коллегияда көтөрүп, чара көрүүнү» талап кылган.

Ал эми эл өкүлү Гүлшаркан Култаева мындай көрүнүштөр үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүнө кайдыгер мамиледен улам болуп жатканын баса белгилеген.

ИИМ милиция окуяга «өз убагында реакция кылып, мындан да оор кесепеттерге жол берилбегенин» билдирген. Ошондой эле Улан Ниязбеков ишти жеке көзөмөлүнө алганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Шектүүнү пробацияга бошоткон судьяны аракетине баа берилет

Селекциядагы кылмыш: Жабырлануучунун сиңдиси анын тосмо арыз жазганын төгүндөдү