Селекцияда бычакталган аялдын иши: Шектүүнү пробацияга бошоткон судьяны аракетине баа берилет

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган аялдын иши боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу 21-сентябрда соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон.

Жогорку соттон 2022-жылдын 19-октябрында Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун токтому чыгып, шектүүгө карата зордуктоо беренеси менен козголгон кылмыш иши «жабырлануучунун жазуу түрүндө берген тосмо арызынын, мындан тышкары жабырлануучу сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкендигине жана ага карата доосу жоктугу ырасталганына байланыштуу» өндүрүштөн кыскартылганын билдиришти.

«А.Э карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен беш жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин эске алып, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 82- беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген. Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген. Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет», — деп билдиришти соттон.

Жогорку соттун кеңешмеси. Сүрөт: соттун басма сөз кызматы.

Бирок, жабыркаган аялдын сиңдисинин айтымында, эжеси кол салуучуга карата тосмо арыз жазып, аны кечирген эмес. Ал мурдагы күйөөсүн жоопкерчиликке тарттырыш үчүн «милициядан кетпей калган», ал эми милиция, соттук медициналык экспертиза жана ур-токмок ага «күнүмдүк эле көрүнүш болуп калган». Анын айтымында, шектүү аялды тынымсыз, такай ур-токмокко алып турган.

Селекция айылында аялдын бычакталышы

Чүй облусунун Селекция айылында 36 жаштагы аялдын бычакталганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Жабырлануучу бети жана моюну кесилген абалда Улуттук госпиталга жаткырылган.

ЖМК жабырлануучунун мурдагы күйөөсү аялдын кулагын жана мурдун кесип, бетин тилип салганын билдиришкен. Врачтар жабырлануучуну өмүрүн сактап калуу үчүн сегиз ага саатка чукул операция жасашкан. Аялды бычактоого шектелип 39 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факты боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул окуяга айрым парламент депутаттары дагы көңүл буруп, милициянын ишин сынга алышкан. Парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова ички иштер министри Улан Ниязбековго «креслодон түшүп, кесиптештеринин арасында үй-бүлөлүк зомбулук маселесин көтөрүп, чара көрүүнү» суранып кайрылган.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук маселесине карата кайдыгер мамиленин кесепети экенин билдирген.

ИИМ өз кезегинде 20-сентябрда милиция кызматкерлери «өз убагында» реакция кылып, «андан да оор кесепеттер алдын алынганын» белгилеген. Андан тышкары, министрлик ИИМ башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.