Селекциядагы кылмыш: Жабырлануучунун сиңдиси анын тосмо арыз жазганын төгүндөдү

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекция айылында мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялдын сиңдиси жабырлануучу шектүүгө карата мурда «тосмо арыз жазбаганын жана кечирбегенин» билдирди.

Ал эжеси мурдагы күйөөсүн жоопко тарттыруу үчүн милиция бөлүмүнө тынымсыз каттаганын айтты. Аларга «милицияга каттоо, соттук-медициналык экспертиза жана ур-токмок көндүмгө» айланып калган. Анын айтымында, уруп-сабоо тынымсыз жана системалуу болуп турган.

«Ал аны такыр күтүлбөгөн жерден кармап алып сабачу. Биз милиция чакырчубуз, жаракаттарды тарттырып, арыз жазчубуз, соттук-медициналык экспертизада болчубуз, аны үч күнгө камап коюшчу. Чыгаргандан туура 15 мүнөт өткөндөн кийин ал кайра эле анын үйүнүн босогосуна келип алчу. Мен азыр канча арыз жазылганы, сабалган жерлерин тарттырганы, биз аны коргогонубуз тууралуу бир нече саат бою токтобой айтып бере алам», — деди ал.

 

Жабырлануучунун сиңдиси учурда ага эң маанилүүсү «жартылай комадагы эжесинин өзүнө келиши» экенин белгиледи. Анын айтымында, эжесине жок эле дегенде дагы 4-5 операция жасалышы керек. 

«Мен сурагандан уялып жатам, бирок азыр бизге эжемдин ден соолугун калыбына келтирип алыш үчүн чоң суммадагы каражат керектелүүдө», — деп Диана каражат табууга жардам сурап, кайдыгер эмес жарандарга кайрылды. 

Жабырлануучуга төмөндөгү электрондук капчык аркылуу жардам көрсөтсөңүз болот. Mbank: 0500202593.

Аялдын мыкаачылык менен бычакталышы

Жабырлануучу. Сүрөт: Аселге жардам инстаграм барагы

Чүй районунун Селекция айылында 36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Бети-башы жана моюну кескиленген тургун алган жаракаттарынан улам Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бир катар ЖМКлар аялдын кулагы менен мурдун мурунку күйөөсү кесип салганын жазып чыгышкан. Дарыгерлер жабырлануучунун өмүрү үчүн сегиз саатка жакын күрөшкөн. Аялды кыйнаган деген шек менен 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул фактынын негизинде милиция «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Kaktus.media басылмасы күч стуруктуралына таянып, жабырлануучу аял буга чейин мурдагы күйөөсүнө карата эки жолу милицияга арызданганын билдирген. Бул маалыматты Чүй ОИИБи да тастыктаган.

Мыкаачылык менен кыйноо фактысы 21-сентябрда парламентте да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго кайрылып, «креслодон түшүп, бул маселени үй-бүлөлүк зомбулук боюнча коллегияда көтөрүп, чара көрүүнү» суранган.

Ал эми эл депутаты Гүлшаркан Култаева мындай көрүнүштөр үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүнө кайдыгер мамиледен улам болуп жатканын айткан.

Ички иштер министрлиги өз кезегинде милициянын 20-сентябрдагы окуяга болгон «реакциясы өз убагында болуп, болгон окуядан да оор боло турчу кесепеттерге жол берилбегенин» билдирген. Ошондой эле «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу тергелүүсүн камсыздоо» максатында ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алганы маалымдалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүйдүн Селекция айылында аялды бычактоого шектелген киши кармалды

Чүй: Мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялдын абалы оор