Коррупцияга шектелген Маанаев Улуттук госпиталга кайра башкы дарыгер болуп дайындалды

Токтобай Маанаев. Сүрөт интернеттен алынды.

Коррупцияга жана башка бир нече мыйзамсыз ишке шектелген Токтобай Маанаев Улуттук госпиталга кайрадан башкы дарыгер болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен таянып Kaktus.media басылмасы жазды.

Билдирүүдө ал министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 22-сентябрдагы буйругунун негизинде ишке киришкени айтылат.

Ал эми Улуттук госпиталда буга чейин башкы дарыгер болуп иштеп келген Бакыт Төлөгөнов өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кеткени белгиленген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен «Клоопко» бул боюнча маалыматты тактап берүүнү убадалашты.

Маанаев үстүбүздөгү жылдын март айында кармалган. Анын ишинде калктын аярлуу катмарына зыян берип, укуктарын чектеп жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схема аныкталган.

Мындан тышкары Маанаевдин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганы боюнча 20дан ашык учур белгилүү болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, ал мамлекеттик сатып алуулардан бюджетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Кийин ал УКМКнын убактылуу тергөө абагына эки айга камалган. 21-июнда Маанаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК Улуттук госпиталдын башкы дарыгерин коррупцияга шектеп кармады