Президенттин басма сөз катчысы «арам ойлуулар» үчүн абактарда орундар жетиштүү экенин билдирди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы барагы аркылуу «арам ойлорун ишке ашырам» дегендерге кайрылды. Кайрылууда ал азыр Кыргызстанда «кол тийбестер» жок жана кимде ким кылмыш жасаса  сөзсүз жоопкерчиликке тартылат деп билдирди. 

Султанбаев кайрылуусунда «арам ойлуу бир жаран» кармалганын айтты. Анын айтымында, кармалган киши өзү бизнесмен, ал инвесторлорду жогорку даражадагы аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып коркутуп, ал тургай «жок кылам» деп коркутуп, алардан опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган. ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү чет элдик жарандан 200 миң доллар опузалаган

Акча опузалоого шек саналып кармалган киши. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Бирок, Султанбаев билдиргендей, бул маалымат президент Садыр Жапаровго да жетип, өлкө башчысы териштирүү тапшырмасын берген. Анын жыйынтыгында аталган киши кармалып, камакка алынган. Шектүүгө карата «Опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.   

«Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда "кол тийбестер" жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат. Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат" дегендер болсо, алар катуу жаңылышат», — деп эскертти ал.

Султанбаев президент УКМК, ИИМ жана башка жеке булактардан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турарын дагы белгиледи.

«Учурда мамлекет башчысында дагы кимдер "жогорку байланыштарына" жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү», — деп жыйынтыктады сөзүн президенттин басма сөз катчысы.

Мурдараак президент өзү дагы коррупцияга шектелип кармалган иниси Улан Жапаров боюнча комментарий берип, «азыр заман башка, баарына бирдей мамиле болот» деп белгилеген.