Кубанычбек Самаков ант берип, Жогорку Кеңештин депутаты болду

Бишкектин Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо жеңген Кубанычбек Самаков ант берип, депутаттык ишине киришти.

Кубанычбек Самаков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу округунда кайра шайлоо 10-сентябрда өткөн. Ага катталган 127 миң 239 шайлоочунун ичинен болгону 20 миң 169у гана катышкан. Шайлоого добуш берүүгө келген жарандардын саны болгону 15,85%ды түзгөн. Самаков 5 миң 279 (26,17%) добуш алган.

39 жаштагы Кубанычбек Самаков экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу.

Тема боюнча:

БШК: Ленин округу боюнча шайлоонун жеңүүчүсү деп Кубанычбек Самаков табылды