Ош: Кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө документ жасалмалоого шектелип үч милиционер кармалды

Сүрөт: УКМК

Ош ОИИБнин үч кызматкери кармалганын 27-сентябрда УКМКдан маалымдашты. 

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, кызматкерлер кезекке туруп батир алышкан. Ошол учурда, укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү тууралуу даттануулар келип түшкөн. 

Мындан улам, Ош облустук милициясынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголуп, кийинчерээк «алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан» иш кыскартылган.

Бирок аталган иш Башкы прокуратура тарабынан кайрадан козголуп, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош ОИИБнин Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана анын орун басары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушканы аныкталган.

Аны менен катар Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала келишим түзүп, мыйзамсыз акча алуу менен кезекке турбаган адамдарды тизменин башкы сабына киргизишкен. 

Үстүбүздөгү жылы 25-сентябрда тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде Ош облустук милициянын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, анын орун басары жана бир кызматкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда. 

Автору: Назайым Тилевалдыева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери битумду эки эсе кымбат баада сатып алып, казынага 29 млн сомдон ашык зыян келтирди