Президент Эдил Байсалов менен Алтынбек Максутовго эскертүү берди

Сүрөт: Эдил Байсалов жана Алтынбек Максутов

Президент Садыр Жапаров минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго менен жана маданият министри Алтынбек Максутовго «эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн» эскертүү берди. Бул тууралуу 27-сентябрда президенттик администрациядан билдиришти

Маалыматка ылайык, аткаминерлер Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин «Манас» эл аралык аэропортунда тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбаганы үчүн эскертүү алды. 

Күрөш боюнча Сербияда өткөн Дүйнө чемпионаты 24-сентябрда жыйынтыкталып, анын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеген. Кыргыз балбандары улуттук кураманын куржунуна үч алтын, бир — күмүш жана бир коло медаль алып келишкен

Мындан тышкары, кыргыз курамасы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына беш жолдомо алды. Жолдомону балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы жана суучул Денис Петрашов жеңип алышты.

Буга чейин, Парламенттин 22-июндагы жыйынында депутаттар Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. «Ишеним» фракциясынын лидери Улукбек Ормонов «Байсаловдун билдирүүлөрү Жогорку Кеңештин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирди» деп түшүндүргөн.

Кийин президент Садыр Жапаров Байсаловго «Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» чинин ыйгарган. Ага жаңы чин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата берилген.

Кийинчерээк, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында парламент төрагасы менен депутаттардан расмий кечирим сураган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси каралат

«Акыркы эскертүү». Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады