«Акыркы эскертүү». Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында парламент төрагасы менен депутаттардан расмий кечирим сурады.

Ал депутаттардын «ыйгарым укугу менен макамына жана өлкөдөгү элдик бийлик, демократияга шек келтирүүгө укугу да, ниети да жок болгонун» баса белгиледи.

«Кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр менен айткан болсом бүгүн дагы бир жолу рассмий түрдө кечирим сурайм. [...] Баарыбыз биргеликте мамлекет башчынын өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жан үрөп жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, жалпы бийлик бутактары конструктивдүү иш алып барабыз деп ишенем жана сөз берем», — деди Байсалов. 

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул боюнча президент менен сүйлөшкөнүн, өлкө башчысы Байсалов депутаттардан кечирим сурай турганын жана бул акыркы эскертүү экенин айтканын баса белгиледи.

«Баарыбыз кечиримдүү, сабырдуу бололу. Эдил Байсаловго да акыркы эскертүү. Эгер дагы бир жолу парламенттин дарегине, аброюна шек келтире турган орунсуз, ашыкча сөздөр айтылса, анда кескин чарага барабыз», — деди төрага.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында депутаттар Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. «Ишеним» фракциясынын лидери Улукбек Ормонов «Байсаловдун билдирүүлөрү Жогорку Кеңештин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирди» деп түшүндүргөн.

Мындай сунуш Байсалов депутаттардын дарегине кезектеги жолу жагымсыз сөздөрдү айтып, 20-июнда парламент комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев менен кайым айтыша кеткенден кийин берилген. Парламенттин кийинки жыйынындарында да Байсаловду иштен алуу маселеси көтөрүлгөн.

Кийин президент Садыр Жапаров Байсаловго «Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» чинин ыйгарган. Ага жаңы чин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси каралат