Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткарат

Догдуркүл Кендирбаева. Сүрөт: Интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду

Кендирбаеванын талапкерлиги макулдашуу үчүн эми Жогорку Кеңешке киргизилет.

Буга чейинки министр Каныбек Иманалиев «тапшырылган эмгек милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткара албаганы үчүн» кызматынан алынган. Жаңы окуу жылы башталганда өлкөдөгү мектептерде окуу куралдары жетишпей, коомчулук кызуу талкууга алып, мекеменинг жетекчисинин дарегине кескин сындар айтылган.  

Убактылуу билим беруу министринин милдетин орун басары Уланбек Усеков аткарып жаткан болчу. 

58 жаштагы Догдуркүл Кендирбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору. Ысык-Көл облусунда туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

2012-жылы  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.  

Автору: Назайым Тилевалдыева

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министринин милдетин убактылуу Уланбек Усеков аткарат

Президент Каныбек Иманалиевди билим берүү министри кызматынан бошотту