Билим берүү министринин милдетин убактылуу Уланбек Усеков аткарат

Уланбек Усеков. Сүрөт: «Акипресс» басылмасы

Уланбек Усеков Билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

7-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Билим берүү министри Каныбек Иманалиевди кызматынан бошоткон. Жарлыкта Иманалиев «тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» кызматынан бошотулганы белгиленет.

Ал эми Усеков буга чейин министрдин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан. Ал аталган кызматка үстүбүздөгү жылдын башында дайындалган.

Ага чейин президенттин аппаратында канцелярия бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Каныбек Иманалиевди билим берүү министри кызматынан бошотту

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды