УТРК «Азаттыктын» жаңы Ак үй жана Туманбаев тууралуу иликтөөсүнө жооп берди   

УТРК  президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин Бишкектеги президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп «Иншаат строй билдинг» компаниясынын негиздөөчүлөрү менен байланышы бар экени айтылган «Азаттыктын» иликтөөсүнө жооп берди

«Азаттыктын» журналисттери мында кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн экенин белгилешкен. Анткени жаңы Ак үйдүн курулушуна дал ушул президенттин иш башкармалыгы жооптуу. 

Мамлекеттик канал эмне деп жооп берди? 

УТРКнын видеосюжети журналист Гүлжамал Көкүмбай кызынын сөзү менен башталат. Кабарчы азыркы тапта Кыргызстанда көптөгөн объектилер салынып, эскилери оңдолуп жана айрым курулуштарды президенттин иш башкармалыгы «ийгиликтүү» жүргүзүп жатканын баяндайт. 

«​​Мына ушул иштерди тескери өнүттө сүрөттөп, бурмалагандар да бар. Алар баягы эле “Азаттык”, “Клооп” сыяктуу, сырттан каржыланып, жамандык издеген сайттар», — дейт журналист, ал эми видеодо «Азаттык», «Клооп» жана «ПолитКлиниканын» логотиптери көрсөтүлгөн. 

УТРКнын видеосунан скриншот.

Андан кийин журналист акыркы кезде президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди каралоо жигердүү жүрүп жатат деп айткан. Ошол эле маалда экранга «Азаттыктын», «Клооптун» логотиби менен «Азаттыктын» журналисти жана Туманбаев тууралуу иликтөөнүн автору Айбек Бийбосуновдун сүрөтү чыгат.  

УТРКнын видеосунан скриншот.

Журналисттин айтымында, «каралоонун» себеби президенттин иш башкармалыгы аркылуу жүргөн курулуштар арзан жана тез убакытта аягына чыгып жатат. Арты-артынан ыкчам бүтүп жаткан курулуштар мурда мамлекеттик имараттарды эки эсе кымбат баалап, жылдап бүтүрбөй, казынанын акчасын тоноп байыгандардын жумушуна тоскоол болууда. 

Кийин Көкүмбай кызы УТРКнын журналисттери «Азаттык» иликтөөсүндө «манипуляция жасаганын» далилдегенин баса белгилеп, «Иншаат строй билдинг» Түманбаев менен байланышы жок экенин аныкташканын айткан. 

Материалда андан ары «Азаттык» «Иншаат строй билдинг» жайгашпаган башка имаратты көрсөтүп ката кетиргени айтылат. «Азаттыктын» журналисттери иликтөөдө курулуш компания катталган юридикалык дарекке барган, бирок үй ээси «Иншаат строй билдинг» тууралуу эч нерсе билбегенин жана бул курулуш компания жөнүндө биринчи жолу угуп жатканын айткан. 

УТРКнын сюжетинде «Азаттыктын» журналисттери башка үйгө барып алганы тастыкталат. Бирок иликтөөнүн автору Айбек Бийбосунов белгилегендей, «Азаттыктын» журналисттери юстиция министрлигинин базасында катталган дарекке барышкан.  

«Юстиция министрлигинин сайтында "Иншаат строй билдинг" Бакай-Атадагы [конушу] Арашан 24 дарегинде катталганы жазылып турат. Демек расмий юридикалык дарек ошол. Ал эми УТРКда сүйлөгөн адам "Иншаат строй билдинг" Арашан 26 дарегине катталганын айтып атат. Демек бул жерде расмий даректи көргөзүп аткан Юстиция министрлиги, болбосо УТРКнын журналисттери калпычы», — деп жазды ал Фейсбук барагына.

Мындан тышкары, УТРКнын журналисти Баатырбек Жантаев Туманбаевдин бизнестеги ишеничтүү адамы экенин жана аны менен туугандык байланышы бар экенин да тастыктады. Буга чейин «Азаттыктын» журналисттери Жантаев Ошто Акбаралы Абдыразаков — «Иншаат строй билдингдин» учурдагы директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири менен «Блэк стар бургердин» ачылышында лента кесишкенин аныкташкан болчу.  

Жантаев президенттин иш башкармалыгында кайсы кызматты аркалай турганы белгисиз, бирок «Азаттык» иликтөөдө аны мамлекет куруп жаткан объектилерден көрүүгө болорун айткан. Чынында эле, Жантаев аталган объектилерге кандай максатта, кимдин ролунда барып жүргөнү белгисиз. 

Баатырбек Жантаевдин соцтүйүндөгү сүрөтү. Сүрөт: «Азаттык».

«[Жантаев] эч кандай мамлекеттик кызмат ээлебейт. Ал жөн гана объекттердин курулушуна жардам берет. Бул жерде эч жаман нерсе жок, деп баса белгилейт  Көкүмбай кызы материалда. — “Азаттыка” окшогон сайттар күнү-түнү жамандык издеп жүргөн кезде, Түманбаев өзүнүн командасы, ишенген жакындары менен жапа-тырмак курулуштарды бүтүрүп, элге кам көрүп, жакшы иштерди аягына чыгарып жатат».

Андан кийин журналист, [президенттин] иш башкармалыгы куруп жаткан имараттар кыргызстандыктарга жана чет элдик туристтерге жагып жатканын белгилеп, «Азаттыктын» журналисттерин бузуку деп атаган. Көкүмбай кызы жаңы Ак үйдүн курулушунун зарылдыгын түшүндүрүп, ал өлкөнүн жүзү экенин, азырынча мамлекеттик органдар совет учурундагы эски имараттарда жайгашып турганын айтат. 

Ошондой эле сюжетте журналист жаңы Ак үйдүн курулушуна кеткен жарым чыгымды мамлекет, калганын — «Иншаат строй билдинг» аларын айтат. Бул президент Садыр Жапаровдун буга чейин жаңы Ак үйдүн курулушуна бийлик бир дагы тыйынын коротпойт деп айткан сөздөрүнө карама-каршы келет. 

Көкүмбай кызынын айтымында, курулуш компания мунун ордуна Бишкектен 22,8 гектар жер алат. Ал эми Минкабдын токтомуна ылайык, «Иншаат строй билдинг» компаниясына ​​Бишкектин түштүк тарабынан айтылган сандан көп — 25,7 гектар жер менчикке өткөрүлөт —жайгашкан жери жана таза абасы үчүн ал жер азыркы учурда эң кымбат болуп эсептелинет. 

«Ваш эксперт» эксперттик компаниясынын директору Константин Помыкаловдун айтымында, «Иншаат строй билдинг» алып жаткан жердин 1 сотыхынын баасы учурда 30 миң доллар деп баалынып жатат, ошондо 25,7 гектардыкы — 77,1 млн доллар (6,7 млрд сом) болот.  

«Ынтымак» паркынын маңдайындагы «Иншаат строй билдингге» берилет делген тилкенин бир бөлүгү. Сүрөт: «Азаттык»

Жаңы Ак үйдү ким куруп жатат? 

22-сентябрда «Азаттык» «Иншаат строй билдинг» тууралуу жана курулуш компания менен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен байланышы жөнүндө иликтөө чыгарган.  

Аталган курулуш компаниясы 2020-жылы негизделген жана башында «Экспресс-Строй КГ» деп аталчу. Андан бери компаниянын аталышы жана негиздөөчүлөрү менен жетекчилери алмашып отуруп тогуз жолу кайра каттоодон өткөн. 

Ошол эле маалда тогуз адамдын үчөө буга чейин компаниянын башкарып турган адамдар же президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев менен байланышы барлар болгон. 

«Иншаат строй билдингдин» негиздөөчүлөрү. Сүрөт: «Азаттык».

«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча Туманбаевдин өзү да «Иншаат строй билдинг» да комментарий беришкен жок. Бирок материал чыкканга чейин Туманбаев фейсбуктагы түз эфирлеринин биринде «Иншаат строй билдингге» байланышкан суроолорго жооп берип жатып, азыркы тапта «ар бир коротулуп жаткан тыйын» президент менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө деп билдирген. 

«Престиж»

Президенттин администрациясынын жаңы имараты сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Имараттын курулушуна 2022-жылдып апрелинде Жапаров өзү барып капсула салган

Алгач жаңы Ак үйдү «ТС ГРУПП» курулуш компаниясы сала турган болгон. Долбоорду Казакстандан келген инвесторлор жүзөгө ашыры керек болчу, ал эми анын ордуна инвесторго Бишкектин түштүк бөлүгүнөн 16 гектар жер берилмек. Бирок соңунда компания алмашып, курулуштун ордуна 16 гектар эмес 25,7 гектар берүү убадасы берилген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу — «Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе» деп билдирген. Анын айтымында, эми кандай гана чет элдик делегация болбосун аларда ал жерде кабыл алууда «уят болбойт».

Июлдун орто ченинде президент имаратты сентябрга чейин бүткөрүп, октябрда ал жерде КМШ президенттери катышкан саммитти өткөрүү пландалып жатканын айткан.