Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15 киши ооруканага түштү

Бишкектеги «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 1-октябрда шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады.

«Жапырт уулануу калаадагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгон. Аталган түйүндөргө жалпы 72 миң сом айып салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды», — дешти мекемеден.

Ошондой эле бул окуяга байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөргөнү белгиленди.

Өткөн жылдын июль айында да Жалал-Абад шаарында тез татым түйүнүндө массалык уулануу болгон. Анда шаурмага уулангандардын саны 80ден ашып, аймактагы 50гө жакын тез татым жайы убактылуу жабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Уулангандардын саны 88ге жетти, 50дөй тез татым жайы жабылды