Бишкек: Шаурмага уулангандардын саны 71ге жетти, 36 киши ооруканада

Бишкекте тез татым түйүндөрүндө шаурмага уулангандардын саны 71ге жетти. Бул тууралуу 3-октябрда «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, уулангандардын 36сы ооруканага жаткырылды. Алардын бешөө — жаш балдар. Ооруканадагылардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Калган бейтаптар үйдөн дарыланышууда.

Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүнөн 21 адам шаурмага ууланганы тууралуу 1-октябрда кабарланган. Алардын 15и ооруканада экени айтылган.

Аталган тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылганы белгилүү болгон.

Маасалык ууланууга байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөргөн. Анда шаардагы бардык тез татым түйүндөрү текшерилери белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 40тан ашты

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15 киши ооруканага түштү