УКМК: Өзбекстанга 25 миң доллардан ашык акча чыгарып бараткан эки орусиялык кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинин кызматкерлери коңшу өлкөгө 25 миң 600 АКШ доллар чыгарып кетүүнү көздөгөн орусиялык эки кишини кармады. Бул тууралуу 3-октябрда УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызматтан 20 жана 39 жаштагы эки шектүү акчаны чыгарып кетүүгө аракет кылуу менен бажы мыйзамын бузганын белгилешти.  

«Тиешелүү документтер толтурулган соң шектүүлөр жана акча каражаты андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — дешти УКМКдан. 

Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 13-январында өлкөдөн беш миңден көп накталай долларды алып чугууга убактылуу тыюу салган. Мындай талап минкаб тиешелүү токтом кабыл алганга чейин уланары айтылган.