Эсептөө палатасы: Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунда 665 млн сомдук каржылык бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 665,8 млн сомго чукул каржылык бузуу аныкталганын билдирди.

Мекеме Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмдөрү тарабынан Дирекциянын 2019-2022-жылдар аралыгындагы бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудити жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Аудит аныктаган бузуулар:

  • бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер — 310,9 млн сом; 
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 163,4 млн сом;
  • эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар — 163,5 млн сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамды бузуулар — 279,1 млн сом. 

Аудиттин жүрүшүндө кайтарылууга тийиштүү болгон 249 млн сомдон 152,5 млн сом кайтарылган. Бардыгы болуп 17 башка процедуралык бузуулар аныкталган.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгы менен отчёт менен сунуштар президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жөнөтүлгөн. Ошондой эле финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн көрсөтмө жана сунуштама өнүктүрүү фондунун өзүнө жөнөтүлгөн. 

Мындан тышкары, укуктук баа бериш үчүн аудиттин отчёту УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлдү. 

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Эсептик палата өткөргөн аудиттин жыйынтыгы боюнча комментарий бере элек. 

2023-жылы мартта Башкы прокуратура Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын мурдагы башчысы кармалганын билдирген. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, ал 2017-жылы Ысык-Көл районундагы Ананьев айылындагы футболдук аянтчанын курулушуна мамлекеттен бөлүнгөн каражатты курулуш компаниянын эсебине мыйзамсыз өткөрүп берүү иши боюнча кармалган. 

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 1997-жылы түзүлгөн. Өкмөт менен болгон макулдашуу боюнча, Күмтөр кенин иштеткен «Кумтор Голд Компани» ЖАКу ар бир өткөн айда алынган дүң кирешенин 1%ын ай сайын Фондго АКШ доллары менен которот. 1998-жылдан тартып «Күмтөр» Фондунун эсебине 7 млрд сом которгону майда айтылган.  

Фонд Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын бюджеттен тышкары каржылоосу менен алектенет. 

Дагы окууңуз: «Апрель»: Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыгына 47 млн сом которгон