Министрлер кабинети мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыю салды

Министрлер кабинети «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акча каражатын мыйзамсыз чогултууга тыю салуу» жөнүндө токтом кабыл алды.

Маалыматка ылайык, токтом президенттин «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашыруудагы мамлекеттик кепилдикти камсыз кылуу жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу максатында 28-сентябрда кабыл алынган.

Минкаб быйыл мектептерди оңдоо, кайтаруу жана зарыл болгон тиричилик куралдарын сатып алууну 100% камсыздоо үчүн Финансы министрлигине бюджеттен каржат бөлүүнү милдеттендирди. 

«Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, шаардык мэрияларга жыл сайын муниципалдык билим берүү жайларын оңдоо,  кайтаруу жана зарыл болгон тиричилик куралдарын сатып алууга каражат бөлүү тапшырмасы жүктөлдү», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттөн билим берүү мекемелеринде акча каражатын чогулткандар укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык жазаланарын кошумчалашты.

Буга чейин, май айында президент Садыр Жапаров мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду