Кыргызстанда нандын баасы мамлекет тарабынан убактылуу көзөмөлгө алынат

Өлкөдө нан жана нан азыктарынын бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу 5-октябрда Экономика министрлигинен билдиришти.

Анда мындай чечим 3-октябрдагы токтом менен, социалдык мааниге ээ азыктардын бааларынын өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.

Буга чейин минкаб өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында ун жана буудайды чыгарууга (экспорттоого) алты айга чектөө киргизген.

Кыргызстанда сентябрдын аягында нан менен ундун баасы кескин көтөрүлүп кеткен. «Азаттык» билдиргендей, Казакстандан импорттолуп келген бир кап ундун орточо баасы 1000 сомго кымбаттаган. Ошону менен катар нандын баасы да көтөрүлгөн.  

Кыргызстанда ундун баасы жогорулаганы тууралуу маселе парламентте да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында айрым депуттар буга өкмөт жетиштүү түрдө чара көрбөй жатканын айтып сынга алышкан.

Кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга кайрылып, аларды «хайп кармабоого» чакырган. Ал Казакстандагы ундун баасынын көтөрүлүшү Кыргызстанга таасирин тийгизбей турганын белгилеп, атүгүл биринчи сорттогу ундун баасы «жакын арада төмөндөй турганын» билдирген. Ошондой эле ал «мамлекетте азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалганын» баса белгилеген.  

Ал эми минкаб казак унуна болгон баанын өсүшүн Казакстандан Кыргызстанга келүүчү темир жолдогу мезгилдик тыгыны менен түшүндүргөн.  

29-сентябрда «Акчабар» финансылык басылмасы Кыргызстандагы наабайчылар нандарды жергиликтүү ундан жаба баштаганын билдирген

Башкы беттеги сүрөт: Темирлан Сыдыкбеков / RFE/RL.