Министрлер кабинети ун жана буудай экспорттоого убактылуу тыюу салды

25-сентябрда Айыл чарба министрлиги алты айга созулган чектөө өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынганын билдирди

Буга чейин Кыргызстанда ундун баасы жогорулаганы тууралуу маселе парламентте да көтөрүлүп, айрым депуттар буга байланыштуу өкмөт жетиштүү түрдө чара көрбөй жатканын айтып сынга алган.

Кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга кайрылып, аларды «хайп кармабоого» чакырган. Ал Казакстандагы ундун баасынын көтөрүлүшү Кыргызстанга таасирин тийгизбей турганын белгилеп, атүгүл биринчи сорттогу ундун баасы «жакын арада төмөндөй турганын» билдирген.

20-сентябрда Айыл чарба министрлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында ун менен буудайды ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысынын орун басары Айбек Мамыралиев казак унунун кымбаттаганын «коңшу өлкөдөн ундун көп ташылбай калганы» менен түшүндүргөн. Ал буга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Кыргызстан ун жана буудайдын импортунан көз каранды, өлкө аларды негизинен Казакстан же Орусиядан сатып алат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тормозни-сникерсни!». Ташиев ундун кымбаттаганы тууралуу маселе көтөргөн депутаттарга кайрылды