Мэр жана судьялар үчүн. Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду

Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду. Бул тууралуу 4-октябрда Жалал-Абад облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган турак жайлардын курулушу президентинин иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.

Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин айтымында, аталган үйлөр 10 судьяга жана шаар мэрине берилет. 

Жалпысынан облус боюнча 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү экени айтылды.