Сүйүнчү! Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын тагынды

Айпери Медет кызы. Сүрөт: Интернеттен алынды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы 6-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында эркин күрөш боюнча жеңишке жетти.

Ал 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/8 финалда кытайлык спортчуну жеңип, андан соң вьетнамдык спортчуну мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Жарым финалдык беттеште Медет кызы Кытай Тайбэйинин спортчусун мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.

Ал эми финалда казакстандык атаандашы Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Балбан 20-сентябрда Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Учурда улуттук кураманын куржунунда 13 медаль бар — 4 алтын, 2 күмүш жана 7 коло. 

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова коло медаль утту

Каратист Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду