УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Тайсон» каймана аттуу мүчөсү кармалды

Атайын комитет тарабынан кармоо учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Тайсон» каймана аттуу мүчөсү Талас облусунда пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 6-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Көлбаевдин кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын «көзөмөлдөөчүсү» болгон. Ал автомектептин мугалимине карата компроматтык маалыматтарды «ИИМге жана УКМКнын кызматкерлерине берем» деп коркутуп, кысымга алуу менен 70 миң сом акча талап кылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү опузалап талап кылынган сумманын 30 миң сомдук бөлүгүн алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле тинтүү учурунда шектүүдөн 20 грамм салмактагы баңгизат табылды. Учурда тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, тергөө уланып жатат.

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев 4-октябрдын кечинде кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. УКМКдан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

Маркумдун сөөгү 5-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жерге берилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев кармоо учурунда жок кылынганын тастыктады

Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат