Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы проктолго кол коюлду, бирок мазмуну айтыла элек

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу 2-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Минкабдын басма сөз кызматынан аталган жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча «олуттуу пикир алмашуу» болгонун маалымдашты. 

Ага ылайык, делегациянын жетекчилери кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу «толук түшүнүшүү» менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти.

Андан сырткары, билдирүүдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жана ошондой эле укуктук маселелер боюнча жумушчу топтор чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантары айтылат.

«Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 3-октябрда протоколдун мазмуну тууралуу «Клооптун» суроосуна кийинчерээк жооп берүүнү убадалады. 

Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Ташиевге жакын экени белгилүү болгон журналист Нургазы Анаркулов фейсбук барагында протоколду «тарыхый» деп атап, чек ара маселесине «чекит коюлганын» жазган. Ушул эле билдирүүнү соцтүйүндүн колдонуучулары жана бир катар жергиликтүү басылмалар бөлүшкөн.

Бирок жолугушууга катышкан минкабдын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «расмий маалыматтарга гана таянууну» сунуштаган.

15-сентябрда УКМКнын төрагасы кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын билдирген. Атайын кызматтын башчысы «ошол юридикалык тарыхый документтин негизинде чек араны тактаса болот» деп белгилеген. Мурдараак, 14-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, алар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулаганы айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 604 чакырымы гана такталган. Аныкталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Өткөн жылы болгон эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза таап, 206 адам жаракат алган. Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттыктын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын билдирди

Жапаров менен Рахмон эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин талкуулашты