Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын билдирди. Бул тууралуу ал 15-сентябрда Баткенде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Атайын кызматтын башчысы «ошол юридикалык тарыхый документтин негизинде чек араны тактаса болот» деп белгиледи.

«Тажикстан биздин мамлекетибизге чек ара боюнча аймактык доо коюп келген. Биз “андай эч кандай доомат болбошу керек” деп жооп берип келдик. Эгер кошуналар дооматынан баш тартпай турган болсо, территориялык дооматты юридикалык жактан биз коёбуз. Мурда тажик тарапка өтүп кеткен кыргыз жерлерин кайтарып алууга күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжалдан туура бир жыл өткөнүн белгилеп, чек ара көйгөйүн тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып жатышканын кошумчалады.

Буга чейин, 14-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан. Алар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулаганы айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 604 чакырымы гана такталган. Аныкталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.
2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Өткөн жылы болгон эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза таап, 206 адам жаракат алган. Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттыктын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Рахмон эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин талкуулашты

Баткен: Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын курмандыктарына арналган эстелик ачылды