Баткен: Мобилдик клиника чек арада жашаган аялдардын ден соолугун текшерип жатат

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Баткен облусунда 3-октябрдан 12-октябрга чейин аялдардын ден соолугун текшерип, кеп-кеңеш берген мобилдик клиника иш алып барат. Бул тууралуу 9-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мобилдик клиниканын курамында онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлери иштейт. Клиника 13-21-октябрга чейин Баткен районунун алыскы айылдарына барат.

Иш-чара аялдар жана өспүрүм кыздарга кеп-кеңеш берүү, алыскы айылдардын медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, гендердик зомбулук жана репродуктивдик ден соолук көйгөйлөрүн чечүүдө калктын позитивдүү социалдык жана гендердик ченемдер тууралуу маалыматтуулугун жогорулатууну көздөйт.

«Кошумча медициналык текшерүүнү же болбосо адистердин кеп-кеңешин талап кылган оорулар аныкталган учурда, дарыгерлер адистештирилген дарылоо мекемелерине жолдомо беришет. Ошондой эле көчмө клиниканын ишинин жыйынтыгы боюнча натыйжалар андан ары байкоо жүргүзүү жана бейтаптарды кароо үчүн жер-жерлердеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган долбоор Улуу Британиянын өкмөтүнүн жана Кыргызстандагы БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) каржылык колдоосу астында ишке ашырып жатат. 

Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги:

  • 3-октябрдан 4-октябрга чейин — Кулунду айыл өкмөтүндөгү Интернационал айылы, «40 лет Кыргызстана» орто мектеби;
  • 5-октябрдан 6-октябрга чейин — Кулунду айыл өкмөтүндөгү Кулунду айылы, Кулунду жалпы дарыгерлер-практика борбору
  • 9-октябрдан 10-октябрга чейин — Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Ак-Суу айылы, Ак-Суу орто мектеби;
  • 11-октябрдан 12-октябрга чейин — Катран айыл өкмөтүндөгү Катран айылы, Ата-Журт аянты.

Баткен районундагы сапарларынын графиги:

  • 13-октябрдан 14-октябрга чейин — Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Ак-Татыр айылы, Ак-Татыр орто мектеби;
  • 16-октябрдан 17-октябрга чейин — Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Көк-Таш айылы, Көк-Таш орто мектеби;
  • 18-октябрдан 19-октябрга чейин — Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Боз-Адыр айылы, Боз-Адыр гимназиясы;
  • 20-октябрдан 21-октябрга чейин — Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү Ак-Турпак айылы, №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде мобилдик клиника тургундарды акысыз текшерүүдө

Бишкек: Кореядан келген дарыгерлер тургундарды акысыз кароодон өткөрүшөт